• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Токтогулда 6 кылмыштын бети ачылды

31 Баш оона 2020 11:35 Бишкек Govori.TV

Токтогулда «Тартип» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун, жоруктардын, бузуулардын алдын алуу максатында өткөрүлгөн. Анын алкагында район борборунан алыс жайгашкан Терек-Суу жана Өзгөрүш аймактарынын жашоочуларына «102 эскертет» аталышындагы баракчалар таркатылып, дүкөндөргө, эл көп топтолуучу коомдук жайларга жабыштырылды. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, өспүрүмдөр арасында мыйзам бузуучулуктарды, батир жана мал уурулуктарды болтурбоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Тартип рейдинин натыйжасында 6 кылмыш фактысынын бети ачылып, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 22 административдик протоколдор түзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул РИИБинде саптык кароо жүргүзүлүп, кызматтык ишмердүүлүктө өзгөчөлөнгөн жана өзгөчө кырдаал учурунда аткарган иштери үчүн бир катар кызматкерлер медал жана Ардак громаталар менен сыйланышкан.

Количество просмотров: 63