Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Айдарбековдун айтымында, 11 күндөн бери вирус менен күрөшүп, учурда абалы канаттандырарлык.
«Бул оор кырдаалда биздин дипломаттар бир мүнөт дагы токтобой, иштеп жатышат.Тилекке каршы, чет өлкөдөгү мекендештерге дайым эле кол суна албайбыз, бирок, бүт күч аракетибизди жумшап жатабыз», — деп жазды Айдарбеков.