• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

UFC уюму Нурмагомедовго беттеш үчүн канча каражат төлөп бергени айтылды

26 Тогуздун айы 202010:56 Бишкек Govori.TV

Мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен болгон беттеште 6 млн доллардан ашык каражат алганын The Sports Daily сайтына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Абу-Дабиде UFC 254 турниринин алкагында өткөн беттештин 2-бөлүгүндө Нурмагомедов атаандашын «треугольник» ыкмасы менен утуп алган.

Россиялык мушкер үчүнчү ирет жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоп калды. Таймаштан кийин Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктаганын билдирген.

UFC уюму Нурмагомедовго беттеш үчүн 6 млн доллар төлөп берген. Ошондой эле мыкты беттеш көрсөткөндүгү үчүн кошумча 50 миң доллар берилди.

Количество просмотров: 413