Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
«Учурда Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын кан басымынын төмөн болуп жатканын айткан болчу.