• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ырайымдуулук маселеси талкууга түштү

26 Бештин айы 2018 18:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.12.2018.Govori.TV.

Кечээ экс-президент Роза Отунбаева камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүсүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдон отүнгөн эле, Отунбаеванын демилгесин ЖК фракция лидерлери да колдошкон. Мындан улам коомдо ар түрдүү пикирлер жаралган. Бултууралуу юридикалык илимдердин доктору Канат Азиз өз оюу менен бөлүштү.

Бул тууралуу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова азаттыкка берген маегинде азыркы болуп жаткан көрүнүштөр ал үчүн мыйзамга туура келбей жатканын айткан.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев экс-президенттин бул сунушу  өлкө башчынын чечим кабыл алуусуна түрткү катары кабыл алганын билдирген.

Юристтер Роза Отунбаеванын кадамын туура эмес деп баалашканын Vesti.kg сайты жазып чыккан.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевдин ишине кирише албасын айтып, эгер Өмүрбек Текебаев ырайым сураса берейин деген сөзүн айткан.

Теги:
Количество просмотров: 11