• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ырчы Азиз Батыров «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

9 Баш оона 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Ырчы Азиз Батыров «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

2014-жылы Түркиянын Дидим шаарында 18 мамлекеттен келген таланттардын арасында өткөн «Улуттар аралык музыка» фестивалында «Алтын үн» байгесин жеңип алган.

2015-жылы Түркиянын Ялова шаарында өткөн түрк тилдүү 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан «Алтын үн» сынагында баш байгени багындырган.

Ошондой эле 2012-жылдан ушул күнгө чейин Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде дастан айтуу боюнча сабак берип келет.

Бүгүнкү күндө ырчы Азиз Батыров 300дөй жеткинчектен турган «Ынтымак» тобуна дастан, терме жана санат ырларын үйрөтөт.

Учурда Бишкек шаарындагы №7 музыкалык мектебинде иштеп, Ишеналы Арабаев атындагы университетте аспирантурада окуп жатат.

Количество просмотров: 153