Ысык-Көл облусунда «Тез жардам» унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 24-январда Булан-Сөгөттү айылынын кире беришинде болгон. Анда дарыгерлер Корумду айылында жол кырсыгында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жөнөп бараткан.
«Жол кырсыгы айылынын батыш тарабында катталган. Учурда айдоочу жана медайым райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды»,-деп айтылат маалыматта.