• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Эрдогандан дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны сурады

10 Кулжа 2021 14:50 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстан менен Түркиянын башчыларынын жолугушуусунда табылбай жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды тууралуу кеп болгонун билдирди.

«Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аны тааныбай турганын, ал тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтты. Ошондой эле Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун (ФЕТО) тарапташтары тууралуу эч нерсе уккусу келбей турганын билдирди», — деди Султанбаев.

Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан. Инандынын дайынсыз болуп жатканы коомчулукту дүрбөттү. Коомдук сайттарда кызуу талкуулар жүрүп, бир катар коомдук жана жарандык ишмерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп жаткан чагы.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Милиция издөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

Количество просмотров: 6431