Бишкек.07.01.2019.Govori.TV
Кыргыздын жигити Ак үйдүн алдына атайын барып түкүрүп тасмага сүйлөп берген.
Анын сүйлөгөн сөзүн текст түрүндө өзгөртүүсүз беребиз.
«Ассаламу алейкум кыргыз элим! Мамлекет башчыларыбыз чыгарган закондор кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өз салымымды кошуп кетким келип турат. Мамлекетти уурдап жеген, ичкен жана карызга батырган биздин байкелерибиздин жана мурун дагы иштеп кеткен жегичтердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына»,-деп айтып келип Ак үйдүн тосмосунан ашыра балчайта түкүргөн. Ал түкүргөн соң 5500 сом акчасын көрсөтүп, «түкүргөнүм үчүн айып пулуңарды менден алып кеткиле» — деген.
Бул тасма социалдык желелерге желдей тарады. Аны бөлүшкөндөрдүн дагы саны көбөйүп, кээ бири бул кадамды туура десе, кай бири «жапайычылык» деп сыпаташууда.
Эскерте кетсек, буга чейин аял киши менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы пикир келишпестикти чагылдырган тасма тарап, аялды түкүргөнү үчүн жоопкерчиликке тартып жаткан учур катары билдиришкен. Ал гана эмес тасма Youtube каналына «Түкүрүк» деген тема менен жүктөлгөн. Көп өтпөй окуя Ош облусунун аймагында болгонун, тасмадагы окуя түкүрүккө тиешеси жок экенин айтып Ош ОИИБнын маалымат кызматы үн каткан.
Кошумчалай кетчү жагдай, 2019-жылдын 1-январынан тарта Эреже бузуу жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, көчөдө түкүргөндөргө карата 5500 сом айып пул салына турганы белгилүү болгон. Бул мыйзам учурда коомдун кайчы пикирин жаратуу менен аны колдогондор дагы, кордогондор дагы болууда.
Ал эми Ак үйдүн тосмосун көздөй түкүргөн жаран учурда изделип жатат. Жаран табылса мыйзамдын негизинде кылган кылыгы үчүн жазага тартылат. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.