• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жарым саат вице-премьерге кеп эмеспи?

16 Үчтүн айы 2019 12:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV.

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Дача-Судагы кырсыкта жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү менен жолуккан эле.

Бүгүн буга байланыштуу иш-чаралар уланып, Дача-Су айылынын жашоочулар жарым сааттан бери вице премьер-министр Кубатбек Бороновду күтүп жатышкадыгын, граждандык активист Адиль Турдукулов интернетке жазып чыкты.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба бекетинин жанына кулап түшүп, Дача-СУ айылынын 35 тургуну жана 4 учактын кызматкерлери каза тапкан.

Буга байланыштуу 17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Количество просмотров: 26