• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 75 кызматкери пневмонияга чалдыкты

17 Теке 2020 0:10 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 75 кызматкери пневмонияга чалдыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-майдан бери пневмония менен ооруган 33 адам сакайса, бүгүнкү күнү 42 бейтап амбулатордук бөлүмдө дарыланууда. Бардыгы болуп 75 кызматкер пневманияга чалдыккан.

«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында учурда 250 медициналык кызматкер атайын түзүлгөн жадыбал менен иштеп жатышат. Медициналык кызматтын бейтапканасында жана госпиталында жети дарыгер, алты медайым күзөттө болушат. Имаратта обсервацияга 50 орун даярдалып, изоляцияга өзүнчө бөлмөлөр уюштурулган. Жасалма дем алдыруучу аппарат жана концентратор коюлган»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ЖАМК канча кызматкерден коронавирус табылганын маалымдаган жок. 

Количество просмотров: 126