16-февралда Жеңиш конушундагы турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 9:00дөн 16:00гө чейин «Жеңиш» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Шаардык мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.