• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жеңиш Разаков:Ворух — Исфара жолу Кыргызстандын жолу

19 Жалган куран 2019 19:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгы жөнүндө айтып берди.

Ал өз сөзүндө өзгөчө белгилеп кеткендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки маселе: 13-14-мартта орун болгон окуяларга тиешелүү, ошондой эле чек ара аймагында жолдун курулушун улантууга байланыштуу маселелер каралган.

«Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун жана Тажикстан Республикасынын Исфара районунун чектешкен жерлеринде чек ара чатагы катталды. Айтып кетсек, Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылынын ортосунда, Кыргызстандын Орто-Боз, Мазиеттин жери, Таш-Тумшук жерлеринин жана Тажикстандын Кожалы айылынын ортосунда чыр-чатак катталды. Эки делегация келип, терең изилдеп, беш күн макулдашып, биз чечимдерге келдик. Негизинен эки маселе каралды. Биринчиси бул – 13-14-мартта орун алган окуяларды талдоо, экинчиси – чек ара аймагында болуп жаткан жумуштар кандай улантылат деген маселе талкууланды. Биринчи маселе боюнча, белгилей кетишим керек, биз өтө терең талкуу жүргүзүп, тажик тарап дагы абдан түшүнүү менен кабыл алып жатат. Биринчиден, эки тараптуу ыкчам тергөө топторун түзүп, болгон окуялардын баарын тактоону тапшырдык. Бүгүнкү күндө биздин маалымат боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын прокуратура жана Ички иштер министрликтери биргеликте иштеп жатышат. Бул топ эмне үчүн түзүлдү? Себеби ар бир тарап өз алдынча иштесе, ар кимиси өзүнүн версиясын чыгарып, ошондон улам бир жыйынтыкка келбей, талаш-тартыштар боло берет. Буга байланыштуу биз ушундай тапшырма берип, иштеп чыктык. Экинчиси, мындай окуялар чек ара аймактарында тез-тезден чыгып, катталып турат. Ошондуктан биз туруктуу иштөө тобун түзүүнү сунуштадык. Бул топторду Баткен облусунун жана Согдий облусунун губернаторлору жетектеп, ага укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын жана чек ара кызматтарынын тийиштүү кызматкерлери кирет. Алар ар бир окуя боюнча тез арада чара көрүп, жооп кайтаруу, тиешелүү алдын алуу иштерин жүргүзүүсү үчүн биз ушундай аянтча түздүк. Үчүнчүсү, бизде чек ара аймактарында, айрыкча Баткен жана Исфара райондорунун ортосунда, Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек аймактарында кыргыз-тажик жарандары абдан жакын жашайт. Кээ бир учурларда Баткен районунун Көк-Таш айылында көчөнүн берки бетинде кыргыздар жашаса, аркы жагында тажик жарандары жашайт. Айрым жерлерде үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган. Бир үйдө Кыргызстандын жараны жашаса, кошунасы тажик жараны болуп саналат. Ички иштер министрлигинин укук коргоо органдарына тапшырма бердик, ушундай көчөлөрдө биргелешкен күзөттөрдү түзүүнү, айрыкча кечки мезгилде күзөт жүргүзүүнү тапшырдык. Бул боюнча биздин тапшырмага ылайык, учурда иштер жүрүп жатат. Кийинкиси, мисалы ошол аймакта Ворух айылындагы тажик жараны башка айылга кирүү үчүн 2-3 жерде Кыргызстандын аймагын кесип өтөт. Ал эми биздин жарандар Самаркендектен Ак-Сайга барам десе, ал дагы 2-3 жерден Тажикстандын аймагы аркылуу өтөт. Ошол жерлерде элге тоскоолдук болбошу үчүн бардык чек ара посттоду алууну тапшырдык. Себеби канчалык тоскоолдуктар, текшерүүлөр боло берсе, ошончолук элдин нааразычылыгы, бири-бирине болгон жаман көрүүлөрү пайда болуп, чыңалууну жарата берет. Ошондуктан биз бардык постторду алууну тапшырып, ал учурда аткарылды. Бүгүнкү күнү унаалар да, жарандар да тоскоолдуксуз өтүп жатышат.

Экинчи маселе — Ак-Сай айылы боюнча айтып кетсек, Көк-Таш – Ак-Сай, Көк-Таш – Рабат жолу бүткөн. Ал жерден жарандар жүрүп жатат. Андан сырткары сүйлөшүүлөрдө илгертен бери эле айтылгандай, Аксай Ворух айылына барыш үчүн тажик жарандары Аксай айылынын ортосунан өтөт, Аксай айылынын сырты менен кетүүчү кошумча бир жол салып бергиле деген сөз болгон. Ал маселе 2014-жылы түзүлгөн тийиштүү протоколдо белгиленет, ал жолдун курулушу бүткөн, бир гана акырына чыгаруучу жумуштар бар, ошол жумушту да биз аягына чыгарабыз деп сүйлөштүк. Бирок ал жерде белгилеп кетиш керек, ал жердеги жумушту кыргыз тарап кылат, КР республикалык бюджетинин эсебинен кыргыз компаниясы тарабынан бүткөрүлөт, ал жерде маселе жок. Ушул эле протоколдо белгиленгендей, Аксай-Тамдык жолун да кыргыз тарап куруп, аягына чыгарат деп чечишти. Мен окудум, Исфара-Ворух жолу боюнча жаштар жана серепчилер арасында өздөрүнчө кооптонуу болуп жатат. Мен бул жерде белгилеп кетишим керек, Исфара жолдун 1-пункту болсо, Ворух 2-пункт, ортодо бир пункттан экинчи пунктка жетүү үчүн үч жолу Төр-Терек, Таш-Тумшук, Аксай аттуу кыргыз территориясын кесип өтөт. Ошондуктан кээ бир серепчилер коридор берилди деген ойду айтып жатышат. Мен жетекчи катары айтып коеюн, эч кандай коридор, эч кандай статус берилген жок ал жолдорго, Аксайдын сыртынан курулуп жаткан жол — жеңилдик берүүчү кошумча жол, бул жерде бардыгы мыйзам чегинде, биз тараптан да абдан тажрыйбалуу адистер катышты, бардыгын талдап, макулдашып, ушундай чечимге келдик. Мисал үчүн мен белгилеп кетейин, Тажикстандын жарандары Ворух айылына кириш үчүн Аксайдын ичинен кошумча жолдор менен кире берет. Ал эми Аксай –Тамдык жолун айтып коеюун, бүгүнкү күндө Ворух айылынын үстү жагында Киревшим деген жайлоо бар, ал жакка биздин Баткен районунун үч айыл аймагы малын алып чыгат. Бул Аксай, Актатыр, Самаркандек айыл аймактары, жалпысынан алганда 65 миңден ашуун мал-жан чыгат экен. Азыркы күндө жайлоого чыгуу үчүн Ворух айылы боюнча бир гана жол бар. Албетте, бул жаз-күз боло турган иш, бирок, кандайдыр бир кыйынчылыктар бар, ошон үчүн биз сунуштаганбыз, айылга кирбей айланып, Аксай-Тамдык жолун салалы, үч айыл аймагынын аймагын айланып, жайлоолорго баралы деп сунуштаганбыз, бул боюнча дагы тажик тарап макул болду, түшүнүү менен кабыл алды. Бул жолду баштап, биздин компания иштеп жатат, аягына чыгарабыз деп ишенебиз. Дипломатиялык каналдар менен макулдашуу болду, кийинки жыйын Дүйшөмбүдө 4-5-апрелде өтөт, бул жерде делимитация, демаркация маселелери каралат. Бул жерде кыргыз тараптын кызыкчылыгы каралбай калды деген туура эмес, протокол деле жарыяланат, албетте, бул жерде эч кандай сыр жок. Протокол боюнча менин кесиптешим, Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим пункттары боюнча бүт айтып берди, эч кандай жашыруун нерсе жок, бул боюнча массалык маалымдоо каражаттарынын баарына чыгып жатат,- деди Вице-премьер-министр Жениш Разаков.

Теги:
Количество просмотров: 23