• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖЭБге «КонтактУглеПром» көмүр ташып келет

9 Аяк оона 2019 14:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп «КонтактУглеПром» ТОО табылды. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

«Бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү. Бишкек ЖЭБи үчүн Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү аныкталган. 2019-2020-жж. күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп «КонтактУглеПром» ТОО табылды. 1 027 219 008 сом бюджети менен 400 000 тонна көлөмдөгү Д, ДГ жана Г маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер 29-июлда жарыяланган. Баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик сатып алуулар порталында 6-сентябрда жарыяланды. Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи көлөмү сентябрда келип калат»,-деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Бишкек ЖЭБинде 80 000 тонна көмүр бар, Кара-Кече отунун жеткирүүлөр жүргүзүлүп, станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү. Ошондой эле, ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер ушул жумада жарыяланат. Бардыгы, күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалат.

Теги:
Количество просмотров: 73