• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жогорку сот «Азия Ньюсту» Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

23 Аяк оона 2020 14:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот «Азия Ньюс» гезитинин апелляциялык арызын 23-сентябрда карады. Анда Бишкек шаардык сотунун буга чейинки чечими күчүндө калтырылган.

Маалымат боюнча, Жогорку соттун чечимине ылайык, гезиттин жетекчилиги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Быйыл 26-февралда Бишкек шаардык соту гезитти министрге 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Басылманын редактору Аслан Сартбаев жана жактоочулар буга макул болбой, Жогорку сотко даттанган.

Жогорку соттун 23-сентябрдагы чечими акыркы жана ага каршы даттанууга болбойт.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. «Гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деген негизде бешмиллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Министрдин доо арызын алгач Бишкектин Октябрь райондук соту карап, былтыр декабрда Жунушалиевдин пайдасына чечим чыгарган жана гезитти миллион сом айыпка жыккан.

Количество просмотров: 120