• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова эсине келди

3 Теке 2020 13:40 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калды. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар. Биз анын сакайып кетишине болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
”, — деп билдирди Жумабеков.

Эске салсак, кечээ, 26-июнда саат 15:47де Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинда катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алган.

Количество просмотров: 22902