• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Журналисттерге акарат айткан аткаминер кызматтан алынды

30 Үчтүн айы 2020 9:34 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин 29-январда Чуваш Республикасынын башчысы Михаил Игнатьевди «ишенимди жоготту» деген негизде кызматтан алды. Ордуна дароо эле МамДума депутаты Олег Николаев милдетин аткаруучу катары дайындалды.

Андан бир күн мурда Игнатьев башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынан да чыгарылган.

Чувашияны 2010-жылдан бери жетектеп келаткан Игнатьев акыркы күндөрү катуу сынга кабылган. Буга аткаминердин 18-январда Басма сөз күнүндө айрым журналисттерди жана блогерлерди согуп-жанчуу керек деген мазмундагы (“мочить”) сөзү негиз болгон.

Андан соң губернатор өрт өчүрүүчүлөргө кызматтык унаа тапшырып жаткан учурда ачкычты атайын бийиктете көтөрүп, өрт өчүрүүчү кызматкерди секирип алууга мажбур кылган. Бул шылдың катары бааланып, өзгөчө кырдаалдар министри баш болуп сынга алышкан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 201