• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жыл башынан бери Бишкекте балдарга карата зордук-зомбулук боюнча 103 факты катталган

13 Бештин айы 202211:57 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Бишкек шаарында балдарга карата зордук-зомбулук жана кордоо боюнча 103 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, зордук-зомбулук көбүнчө оор абалда жашаган үй-бүлөлөрдө же мигранттардын балдарына карата болот.

“Мындай учурларда үй-бүлө менен иштөөнүн жеке планын түзүп, керек болсо баланы алып салышат. Бирок, көпчүлүк учурда үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга болгон аракетибизди жумшап, социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтөбүз”, — деди ал.

Вице-мэр балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көпчүлүгү жаңы конуштарда катталганын белгиледи.

Количество просмотров: 98