Аламүдүн РИИБи тарабынан 9-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 2002-жылы туулган Курбангүл Мамажанова изделүүдө.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал Аламүдүн айылындагы үйүнөн 9-октябрда чыгып кеткен бойдон кайра барган эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160-162 сантиметр, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен ылдый, күрөң, кой көз. Кийимдери: күрөң түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү чыптама, ак түстөгү спорттук бут кийим.
Курбангүлдүн кайда экенин билгендер болсо, Аламүдүн райондук милициясына же төмөнкү номерлерге 0(999) 21-07-09, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99, 0(312) 36-35-23 же «102ге» кайрылып коюуңуздарды өтүнөт.