• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айдоочу мас абалында болгон. Чүйдө жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды

3 Баш оона 2020 14:08 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Орловка шаарында эки автоунаа сүзүшүп 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 8:40тар чамасында болгон. Анда, Toyota Prius жана Audi A4 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу тең жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

 «Текшерүүнүн алкагында Toyota үлгүсүндөгү унаанын 29 жаштагы айдоочусу спирт ичимдигин ичкени аныкталды. Учурда эки унаа тең айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 124