Бүгүн, 2-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмониянын кесепетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Бүгүнкүгө чейин өлкөдө коронавирус аныкталгандан кийин 1060 адам көз жумган.
Жалпысынан 44 миң 36 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталса, анын ичинен 38 миң 895 киши айыкты.