• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскар Акаев Кыргызстанды карызга батырып кетти деген сөздөргө жооп берди

18 Тогуздун айы 2019 14:20 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Аскар Акаев «Акаев өлкөнү 2 млрд. доллар карызга батырып кетти» деген сөздөргө “Азия Ньюс” гезитине берген маегинде жооп берди.

Анын айтымында, мындай маалыматарды анын оппоненттери тараткан.

«Эгемен Кыргызстандын алгачкы 14 жылында (өтө оор мезгилде) чет жактан биз 1,8 млрд. доллар карыз алганбыз. Анын 550 млн. доллары 2005-жылдын башында кредиторлордун Париж клубу тарабынан кечирилген. Ал эми 600 млн. доллар резерв катары Нью-Йорк шаарында банкта сакталып турган. Демек, 2005-жылы март айына карата Кыргызстандын тышкы карызы болгону 650 млн. долларды түзгөн! Бул – «Акаев өлкөнү 2 млрд. доллар карызга батырып кетти» деп элге жалган маалымат таратып жүргөн оппоненттериме менин жообум. Белгилей кетүүчү жагдай, биз алган кредиттер 40 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыз үстөк менен болчу. Ал эми учурда Кыргызстандын карызы 4,5 млрд. доллардан ашты. Анын ичинен 1,7 млрд. доллары Кытай банкынан 20 жылга 3 пайыз үстөгү менен алынып, ага коомчулук тынчызданып келатканы жалпыга маалым. Айта кетсем, 2005-жылы кредиторлордун Париж клубу менен сүйлөшүүлөр уланып жаткан. Эгерде 24-мартта төңкөрүш болбогондо, анда күзүндө Кыргызстанды бир да доллар тышкы карызы жок өлкө катары кийинки президентке өткөрүп кетмекмин. Тилекке каршы, бул ой-тилегиме, максатыма жетпей, өкүнүчтө калдым», — деген Акаев.

Мындан тышкары мурунку президент журналисттин «Кумтөр алтын кенин иштетүү долбоору сиздин башкаруу мезгилде башталган эле. Ал жерде сизди да «акционер» дешет го?», — деген суроосуна да жооп берген.

«Ал кенди иштетүү комбинаты курулуп жатканда (1993-96-жылдар) жана андан кийин, 2003-жылга чейин дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өтө төмөн болгон (унциясы 400 доллар). Бул – кенди иштетүүнүн өздүк наркынан бир аз эле жогору болчу. Алтындын баасы 2005-жылдан тарта өсө баштап, 2011-жылы жогорку чекке жеткен (унциясы 1938 доллар). Учурда ал баа 1500 долларга жакын. Демек, Кумтөр 2005-жылдан кийин гана жакшы киреше берип келүүдө. Мен алган маалыматка таянсак, соңку 15 жылда Кумтөр кенинен Кыргызстандын казынасына 3 млрд. 700 млн. доллар түшүптүр. Натыйжалуу колдонулса бул өтө чоң каражат да. Демек, кийин Кытай банкынан оор шарттагы карызды албай эле Кумтөрдөн түшкөн акчанын жарымын гана колдонуп, Бишкекте жана Кара-Кечеде жаңы жылуулук электр станцияларын куруп, иштеп жаткан Ош—Бишкек автожолун жаңылап, экинчи альтернативдүүсүн да толук бүтүрүп жана «Датка-Кемин» электр чубалгы долбоорун ишке ашырса болот беле? Өзүңөр калыс болгула. Элибиздин мойнуна да олчойгон тышкы карыз илинмек эмес. Ал эми кен иштеткен компанияда менин акцияларым бар экендиги – оппоненттерим ойлоп чыгарган көп ушактардын бири», — деди Акаев.

Эске салсак, мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан соң чыгып кеткен.

Количество просмотров: 589