• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Асылбек Жээнбеков: Сооронбай Жээнбеков — азыр Кыргызстандын мыйзамдуу президенти

6 Тогуздун айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарында Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери митингге чыгышты. Анда президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков акыркы саясий кырдаал тууралуу сөз сүйлөдү.
Асылбек Жээнбековдун айтымында, көпчүлүктүн добушун 10 миңдей адам жокко чыгарбашы керек.

«Биз азыр бийликти басып алгандарга каршыбыз. Азыр легитимдүү президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш өз ишин улантышы керек. Сооронбай Жээнбеков — азыр Кыргызстандын мыйзамдуу президенти, — Асылбек Жээнбеков..

«Сооробай Шарипович элдин алдына качан чыгат?» деген журналисттин суроосуна Асылбек Жээнбеков жооп кайтарган жок.

Количество просмотров: 3067