• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов кайрылуу жасады

14 Тогуздун айы 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Ой-пикирлер ар кандай болот, бирок мыйзам баарына бирдей. Активдүү жарандарды коркутуулар, саясий куугунтуктоолор тезинен токтолушу керек. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып, кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Темирлан Султанбеков тез арада эркиндикке чыгышы керек.

«Cаясий себептер менен анын эки айга камакка алынышы эркин сүйлөгөн кыргызстандыктарды коркутууга багытталган. Белгилүү болгондой бүгүн Садыр Жапаровдун тарапташтары эски аянтка чогулушууда. Алардын да конституциялык сөз эркиндигине жана тынч жыйынга катышуу укуктарын бийлик өкүлдөрү камсыз кылуусу тийиш. Талап кылган мыйзамдуулук бардык саясий күчтөргө жана бийликке бирдей болушу керек. Камоолор көйгөйдү чечпейт, тескерисинче тирешүүнү күчөтөт. Укук коргоо органдары жарандардын тынч чогулушка болгон конституциялык укугун коргошу керек. Провокация уюштуруп, таратуу, кармоо жана камакка алуу менен коркутпоого тийиш»,-деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 3024