• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бакыт Төрөбаев: Шайлоого катышпайм

10 Баш оона 2020 17:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин VII чакырылышы реформа жүргүзгөн, өзгөртүү кылган парламент болоруна менин көзүм жетпейт.

«Жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы парламентти реформа жасаган, өзгөртүү кылган парламент болооруна менин көзүм жетпейт. Ошондуктан, бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт»,-деп жазган Төрөбаев.

https://www.facebook.com/1583957621852236/posts/2731988500382470/
Количество просмотров: 233