• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Башаламандык учурунда жоголгон аскердик унаа табылды

13 Тогуздун айы 202012:56 Бишкек Govori.TV

5-октябрдагы башаламандык учурунда жоголгон «Интернационал» үлгүсүндөгү аскердик унаа Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Чолпон айылындагы адырдан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аскердик унааны бүгүн, 13-октябрда табышты.

«Кечээ, 12-октябрда ушул аймакты издөөдө унаа болгон эмес. Алдын-ала маалыматтар боюнча аскердик унааны түн ичинде келип катып кетишкен», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы баш аламандык учурунда АКШда чыгарылган «Интернационал» жүк ташуучу унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкен.

Количество просмотров: 240