• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткенде жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу изделүүдө

1 Тогуздун айы 2020 13:08 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаранды сүзүп кеткен унаанын айдоочусун кармоо иш-чарасы жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө болгон. Анда Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан соң окуя болгон жерден из жашырган.

Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Жол кырсыгы» жана «Ээнбаштык» беренелери менен катталган. Учурда унаанын ээсинин аты-жөнү такталып, ал Кадамжай районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Айдоочу кармала элек.

Ал эми окуя болгон жерден жабыркаган 28 жаштагы адам жергиликтүү аймактык ооруканада жатат.

Количество просмотров: 95