• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде жол кырсыгынан 2 адам каза болду

11 Аяк оона 2020 10:16 Бишкек Govori.TV

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан 2 киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 11-сентябрда саат 06:37де Баткен районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы 2 жаран жаракат алды.

«Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин «Тез жардамдын» кызматкерлери жабыркаган жарандарды Баткен облустук ооруканасына алып кетишкен. Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан 27 жана 15 жаштагы бала жаракат алып, 53 жана 46 жаштагы эки киши каза тапты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 58