• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте адамдарды террордук уюмга кошулууга үгүттөгөн жаран кармалды

4 Тогуздун айы 2020 10:04 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адамдарды террордук уюмга кошулууга үгүттөгөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-октябрда эл аралык террордук уюмдардын өлкө аймагына согушкерлердин киришине жол бербөө боюнча контртеррористтик иш-чараларды жүргүзгөн. Анын алкагында Бишкек шаарынан чет элдик жаран кармалды.

Такталган маалымат боюнча, кармалган жаран Кыргыз өлкөсүнүн аймагына террордук чакан топ уюштуруп, ага керектүү шарттарды түзүү жана бул пландарын ишке ашыруу максатында кирген. Уулуу жана жарылуучу заттарды колдонууну, колго жасалган жарылуучу заттарды жасоо боюнча адабияттарды окуп үйрөнгөн, Сирияга үгүтчүлөрдү жиберүү менен алектенип жүргөн. Сириядагы согушкерлер жана эл аралык террордук уюмдун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон К.Б.К. чет элдик жаран кармалды.

Белгилей кетсек, ал буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик иштери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Кармалган адамдын жашаган жерине жасалган тинтүү учурунда колго жасалган жарылуучу заттардын көрсөтмөлөрү, схемалар жана анын террорчулукту каржылоо каналына тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 38-239-беренелери (“террордук актысына даярдануу”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 118