• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте бир топ тойкана жабылды

5 Аяк оона 2020 14:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында санитардык талаптарды бузган бир катар кафе жана ресторандар жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар эпидемиологиялык абал турукташканга чейин ачылбайт. Акыркы жумада ичинде мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы 189 субъектини текшерип, 28 мыйзам бузган учурду аныктаган.

«Бүгүнкү күндө санитардык эрежелерди көп учурда коомдук тамактануучу жайлар, кафе жана ресторандар бузууда. Алардын катарында компьютер залдары, түнкү клубдар дагы бар. Алар: «Оюн», «Иллюзион», «Evolution», «Олимп» компьютер клубдары; «Оомат», «Паво», «Бильярдос» бильярд клубдары; «Кайнар», «Coyote Ugly», «Metro Pub», «Сары-Челек», «Салтанат» рестораны»,-деп айтылат маалыматта.

Мэрия азырынча конок тосуп, той, маараке, куран окутууларды өткөрбөй турууга чакырат.

Количество просмотров: 151