• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар (тизме)

14 Тогуздун айы 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

Республикалык штаб коронавирус аныкталган бейтаптарды кайсы ооруканалар кабыл алып жатканын айтып, канча орун даярдалганы боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын кайрылуусу жана саламаттык сактоо мекемелериндеги бош орундар боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүдө.

«2020-жылдын 13-октябрында саат 19.00гө карата жалпы бош койко-орундуктардын саны – 20, №1 ооруканада – 10 орун, Кыргыз-Түрк ооруканасында – 10 орун»,-деп айтылат маалыматта.

Коронавирустук инфекциянын жана пневмониянын учурларынын көбөйүшүнөн улам, бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн, КР ССМинин койко-орундарды даярдоо Планына ылайык, 14-октябрдан баштап кошумча жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө орундуктар даярдалат:

Алар:

  • Коронавирустук инфекция жана этиологиясы белгисиз болгон пневмониянын хирургиялык патологиясы бар бейтаптар үчүн Улуттук хирургия борборунда 15 орун;
  • Коронавирустук инфекция жана этиологиясы белгисиз болгон пневмониянын онкологиялык патологиясы бар бейтаптар үчүн Улуттук онкология борборунда 11 орун;
  • Коронавирустук инфекция жана этиологиясы белгисиз болгон пневмония менен келген бейтаптар үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 100 орун;

Коронавирустук инфекция жана этиологиясы белгисиз болгон пневмония менен келген бейтаптар үчүн Темир жол ооруканасында 15-октябрдан баштап 50 орун даярдалат.

Количество просмотров: 270