• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бишкекте эки унаа кагышып, 4 адам жабыркады

12 Баш оона 202012:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык 11-август күнү саат 22:00дөр чамасында Чынгыз Айтматов жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анда “Хонда Степ” менен “Ниссан Марч” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алган. Жабыркагандардын экөө жаш балдар.

«Жаракат алгандардын экөөсү №4 шаардык ооруканага, экөө №3 балдар ооруканасына жаткырылды. Унаалар айып короого токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 475