• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте жасалма жардыруучу зат табылып, жок кылынды

23 Баш оона 2020 9:47 Бишкек Govori.TV

Бишкекте  жасалма жардыруучу зат табылып, жок кылынды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-август күнү саат 9.30дар чамасында «102» кызматына Мурманск көчөсүндө полиэтилен баштыкта жарылуучу каражатка окшош нерсе жаткандыгы кабарланган.

«Окуя болгон жерге милиция жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу барган. Андан соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери колго жасалган жарылуучу затты ошол жерден жардырган. Ал жерден силикон бак, электр зымдар табылган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 306