• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкектиктер Беларустагы митингчилерди колдоп, акцияга чыкты

17 Баш оона 202015:54 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Беларустагы митингчилерди колдогон акция өттү. Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

https://www.facebook.com/rita.karasartova/videos/3195628623852930/

Акцияга он чакты киши катышып, «Зомбулукту токтоткула!», «Беларус, Кыргызстан сени менен» деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп алганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары жүрүп жатат. Алар президент Лукашенкону кызматтан кетүүсүн талап кылып, шайлоо таза өтпөгөнүн айтышууда.

Количество просмотров: 464