• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкектин вице-мэри Мозгачева тил күнү менен кыргызча куттуктады (видео)

23 Аяк оона 202011:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева шаар тургундарын Мамлекеттик тил күнү менен кыргыз тилинде куттуктады. Аталган куттуктоону мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова Фейсбуктагы өздүк баракчасына жарыялады.

https://www.facebook.com/gulya.almambetova/videos/3251677548262549/

«Урматтуу шаар тургундары сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бир улуттун өзүнүн ыйык мурастары болот. Мамлекеттик тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз», — деп билдирди Мозгачева.

Бүгүн, 23-сентябрда өлкөдө мамлекеттик тил күнүнүн 31 жылдыгы белгиленүүдө.

Количество просмотров: 221