• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгынан 1 киши каза болуп, 5 жүргүнчү жабыркады

14 Аяк оона 202010:55 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Лебединовка айылындагы Ленин-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus RX300 жана Honda Accord автоунааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-сентябрь күнү болжол менен саат 20:14тө катталган. Анда бир эркек киши каза болуп, беш жүргүнчү жабыркаган.

Жерине келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 88