• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгынан 2 киши жабыркады

28 Аяк оона 202013:47 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-сентябрь күнү саат 07:00дө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айылында катталган. Анда “Субару-Форестер” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам (эркек, аял) жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 195