• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыктан 5 адам жабыркады

15 Баш оона 202015:48 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда жол кырсыгынан 5 киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 14-августта болгон. Анда «Лексус RX 300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, бетон тосмону сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ал эми унаа айып короого киргизилип, топтолгон материалдар Сокулук РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 491