• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара кызматынын башчысы: Инанды кандай жол менен чыгарылып кеткени белгисиз

7 Теке 2021 15:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын угуп жатат.

УКМКнын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Орхан Инанды кандай жол менен чыгарылып кеткени тууралуу так маалымат жок экенин айтты.

«Орхан Инандыны жүк катары алып чыгып кетишкенби же башка жол мененби так маалымат жок. Бирок ал жоголгондон бери тапшырма коюлуп, өлкөгө кирип-чыгып жаткан авиакаттамдар, чек арадан өтүп жаткандар дыкат текшерилип жатты»,-деди Шаршеев.

Инанды жоголгондон бери бардык учактар текшерилгенин кошумчалады.

Количество просмотров: 91