• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дааратканада күйөөсү тарабынан канжалата сабалган аял арыз жазуудан баш тартты

13 Аяк оона 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Алмалуу» кафесинде катуу ур-токмок менен аяктаган үй-бүлөлүк чыр болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрда болгон. Анда милицияга Бишкек шаарынын Муса Жалил жана Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги кафеде массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери мыкаачылык менен токмоктолгон аялды көрүшкөн. Аялдын айтымында, аны күйөөсү сабаган. Ал дос кызы менен кафеде отурганда күйөөсү барган. Ал аялын дааратканага киргизип, эшигин бекитип алып сабаган.

Кыйкырыктан улам кафенин конокторунун бири эшикти талкалап кирип, аялынын мойнуна бычак такап жаткан кишини чапканда, ал сыртка качып кетүүгө жетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталды. Керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өңдүрүш иши башталган.  Жабырлануучу Ш.А. күйөөсү Т.А.нын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан.

Количество просмотров: 768