• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дагы бир журналист 6-жылга шарттуу кесилип, 27 миллион сом айыпка жыгылды . Бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизүү аракети көрүлүүдө. Соңку жаңылыктар 21.02.18

21 Бирдин айы 2018 13:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.02.2018.Govori.TV

Александр Ким алты жылга шарттуу кесилип, 27 миллион сомдук айыпка жыгылды

«Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Ким алты жылга шарттуу кесилип, 27 миллион сомдук айыпка жыгылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 20-февралда чыгарып, Кимдин саламаттыгы, анын сыйлыктары эске алынганын билдирди. Алты жылдык шарттуу жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү деп эсептелет. Ошондой эле сот аны «Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Кимдин жана анын адвокаттары райондук соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко кайрылууну көздөп жатышат. Александр Кимге Александр Рябушкиндин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси боюнча иш козголгон.

Бир тонна бешбармакты  Гиннестин  китебине киргизүү аракети көрүлөт

Бишкекте 5-март — Ак калпак күнүндө бир тонна бешбармак даярдап, аны Гиннестин рекорддор китебине киргизүү аракети көрүлүп жатат. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү менен чогуу уюштурууда. Уюштуруучулардын билдиришинче, бешбармак 5-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында даярдалат. Ага беш жылкынын эти колдонулат. Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 700 килограммдан ашык бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргени кабарланган. Бешбармак — түрк тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бири.

Кыргызстан беш күндүк окууга өтөт

Кыргызстандын мектептери мындан ары беш күн гана окуйт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбеков «Билим берүү жɵнүндɵ мыйзамга ɵзгɵртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган болчу. Ал мектептерди алты күндүк окуудан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатын көздөйт. Маалыматта «Кабыл алынган мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» мыйзамдын 16-беренеси тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 10-бɵлүк менен толукталган: «Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктɵмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет», — деп жазылат. Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күндɵн кийин күчүнɵ кирип, быйыл 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана жеке менчик мектептертерде ишке кирет.

Количество просмотров: 11