• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Данияр Үсөновго байланыштуу Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

12 Баш оона 2020 9:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын өкүлүн чакырып, мурунку премьер-министр Данияр Үсөновго байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ведомствонун  маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап 10-августта Беларустагы мамлекеттик ишчарада  соттолуп, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн мурунку премьер-министр Данияр Үсөновдун катышканы боюнча түшүндүрмө сурады.

Беларусь элчисине мындай кадам эки өлкөнүн буга чейинки достук мамилесине доо кетирери айтылган.

«ТИМ мындан улам элчиге тиешелүү нота тапшырып, аталган адамдын, Беларустагы ага тиешеси барлардын токтоосуз кармалышына чара көрүп жана Кыргызстанга экстрадиция кылууга чакырды», —  деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Минск облусуна жумушчу сапары менен барып, жогорку технологиядагы агрардык өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоор менен таанышкан. Бул компанияны Даниил Урицкий аттуу жаран жетектейт. Ал — Кыргызстанда Данияр Үсөнов деп таанылган Кыргызстандын мурунку премьер-министри. Д.Үсөнов 2010-жылдагы окуяда өлкөдөн качып кеткен. Бир нече жылдан бери Беларуста жашап, аталган өлкөнүн жарандыгын алган.

Количество просмотров: 390