Бишкекте “Lexus 570” үлгүсүндөгү унаа кафенин дубалын сүзүп, ичине кирип кетти. Бул тууралуу видео “Короче” телеграмм каналына жарыяланды.
Маалыматка караганда, окуя Салиева менен Веселая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо көрүнүп тургандай, жол тандабас кафенин дубалын сүзүп, ичине кирип кеткен.
Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык учурда жабыркагандар бар же жогуу тууралуу тактоо иштери жүрүп жатканын билдирип, толук маалымат кийин берилерин айтты.