• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Экс-депутат Шыкмаматовдун жубайы эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду 

6 Теке 202010:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова эки тараптуу пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Турдакунова 5 күндөн бери Улуттук госпиталда дарыланып жаткан.

Govori. TVнын жамааты Турдакунованын жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кошумчалай кетсек, акыркы бир суткада пневмониядан дагы 18 бейтап каза болду. Алардын ичинен 8 адам республиканын аймактарынан болсо, калганы Бишкектен.

Количество просмотров: 600