• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эл аралык Олимпиада комитети ирандык балбандын өлүм жазасына тартылышына үрөйү учту

14 Аяк оона 2020 13:05 Бишкек Govori.TV

Эл аралык Олимпиада комитети ирандык балбан Навид Афкаринин өлүм жазасына тартылышына үрөйү учту. Комитеттин билдирүүсүндө бул өтө кайгылуу окуя болгону айтылат.

Киши өлтүрүүгө айыпталган ирандык балбан Навид Афкари 12-сентябрда өлүм жазасына тартылган.

Навид Афкари Ирандын күрөш боюна чемпиону болгон. Ал 2018-жылы Ирандын түштүгүндөгү Ширазе шаарында өкмөткө каршы нааразылык акцияларында киши өлтүрүүгө айыпталган. Бул иш эл аралык талкуу жараткан.

Афкаринин туугандары жана активисттер укук коргоо органдары аны кыйнап өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып келишет. Спортчунун адвокаты аны күнөөсү тууралуу эч кандай далил жок экенин билдирген.

Ирандын сот системасы кыйноо боюнча айыптоолорду четке каккан.

Спортчулардын бүткүл дүйнөлүк кесиптик кошууну эгер өлүм жазасы иш жүзүнө ашса, Иранды дүйнөлүк спорттон четтетүүгө чакырышкан.

Количество просмотров: 218