• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«ХБКовская Беманын» каракчылар тобу кармалды

25 Бештин айы 2018 9:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.12.2018. Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы каракчылыкка шектүү топту колго түшүрдү. Шектүүлөрдүн арасында соцтармакта бейбаштык менен таанылган «ХБКовская Бема» да бар.

Милициянын билдиришинче, 23-декабрда Ош шаарынын А.Масалиев кѳчѳсүндѳгү көп кабаттуу үйлѳрдүн биринде жашаган 21 жаштагы аялдын үйүнѳ каракчылардын тобу бастырып киришкен. Алар үй ээсин бычак такап коркутушуп, үйүнѳн 1500 АКШ доллар акчасын, кымбат баалуу “Айфон-6” үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, 13000 сом акчасын, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын карактап кеткен.

«Жүргүзүлгѳн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында 23-декабрдан 24-декабрга караган түнү бул кылмышка тиешелүү Ош шаарынын жана Ош облусунун 5 тургуну кармалды. Анын экөө эркек, үчөө аял. Арасында буга чейин бейбаштык менен таанылган «ХБКовская Бема» лакаптуу кыз жана анын достору да кармалган. Учурда аталган факт боюнча “каракчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери башталды»,-деп жазылат Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарыялаган билдирүүдө.

Буга чейин соцтармактарда мушташкан өспүрүм кыздардын видеосу тараган эле. Азыркы тапта интернетте тараган видеодогу «ХБКовская Бема» лакаптуу кыздын өспүрүмдү ур-тепкиге алганы боюнча тергөө иши соңуна чыгып калды. Жакынкы күндөрү шаардык сотко өткөрүлөт.

https://www.youtube.com/watch?v=foQmwnaa-X0
https://www.youtube.com/watch?v=YmBmxVPuRJU
Количество просмотров: 30