“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
“Мен Садыр Жапаровду элдин көпчүлүгү колдоп, үмүт артып жатканын айтып, өлкө үчүн кыйын болуп турган учурда кризис менеджер болуу жоопкерчигин алса, ага жардам береримди айттым”, -деп жазылат маалыматта.
Темирлан Султанбеков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 14-октябрда үй камагына чыгарылды. Ал массалык башаламандык уюштурууга шектелип, 9-октябрдагы митингден соң кармалган.