• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кечир мени! Жээнбеков кызына СИЗОдон кат жазды

12 Кулжа 2020 18:16 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып жаткан экс-депутат Равшан Жээнбеков кичүү кызы Айжанга кат жазды. Бул тууралуу анын кызы Айжан Равшан фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Атамдан кат алдым, ал өзүнүн катында мени канчалык жакшы көрө турганын жана мени менен сыймыктанарын жазган. Учурда бактылуу балалыктын доорун сүргөндүн ордуна адилетсиздик үчүн күрөшүп, аны коргоп жатканым үчүн кечирим сураган. Ата, мен сизди аябай жакшы көрөм жана сиз менин атам экендигиңизге сыймыктанам. Мен Равшан Жээнбековдун кызымын. Сизди эч ким сындыра албайт. Мен билем сиз абдан күчтүү адамсыз!» — деп жазды Айжан Равшан.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=128644882177270&set=a.113676540340771&type=3&theater
Количество просмотров: 415