• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыга турганын айтты

7 Баш оона 2020 15:35 Бишкек Govori.TV

Жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат. Бул тууралуу ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Кой-Таш окуясы боюнча журналисттерге комментарий берип жатып билдирди. 

«Мага коюлуп жаткан айыптоолор боюнча күнөөм жок экендиги далилденерине ишенем. Жакында кызыктуу фактылар ачыкка чыгат. 70ке жакын күбө бар, бирге жүргөн кызматкерлер көрсөтмө беришет, Бул окуя боюнча видео далилдер бар, жакында сот отурумунда айтылат»,-деди Асанов. 

Асанов «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен иштен алынган. Курсан Асанов өзүнө коюлган айыптардын бардыгын негизсиз деп атоодо.

Количество просмотров: 280