• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстанда 73 медицина кызматкери COVID-19 вирусунан каза болду

31 Теке 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 медицина кызматкери COVID-19 вирусунан каза болгонун билдирди.

Штабдын 30-июлда билдиргени боюнча, алардын ичинен 44ү дарыгер. Ал эми 18 адам орто медициналык билими бар адистер, үчөө кенже медициналык кызматкер, калганы башка кызматкерлер.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тизмеге саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, менчик мекемелерде иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.

Кыргызстандагы медициналык кызматкерлерден жалпы 2743 адам коронавирус илдетине чалдыккан. 1664 адам оорудан айыгып чыкты. 73 адам вирустан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Ушул тапта 1006 медициналык кызматкер коронавирустан дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35 143 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 1 131 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 24 474. Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, аны статистикага кошуп эсептей баштаган.

Количество просмотров: 151